www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун "Кыргызстан Тажикстандын агрессиясына жооп катары дипломатияны колдонушу чоң жетишкендик болгон. Мен муну АКШда БУУнун кеңсесинде отуруп түшүндүм" дейт. 

Укук коргоочу Турсунбек Акун АКШга жумушчу сапары менен барып келди.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр- чатак боюнча эл аралык коомчулукка кайрылуу жасай турганын билдирди.

Анын айтуусунда, тиешелүү далилдер мамлекеттик органдар менен бирге чогултулат.

"Кыргызстан Тажикстандын агрессиясына жооп катары дипломатияны колдонушу чоң жетишкендик болгон. Мен муну АКШда БУУнун кеңсесинде отуруп түшүндүм. Кошмо Штаттардагы бир катар жолугушууларда бул маселе талкууланып, мекендештер эл аралык коомчулукка кайрылуу зарылдыгын белгилешкен. Мындан тышкары, мекендештер маалыматтык согушта Кыргызстан жеңгенин сөз кылышты", - дейт саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости