www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтин Текебаевди камакка алуусу түздөн-түз башка саясий оппоненттерине болгон эскертүү болушу мүмкүн. Себеби буга чейин Атамбаевдин Конституцияны өзүнө ыңгайлап өзгөртүп бийликти узурпациялап, өз мураскерин дайындоого багытталган кадамы экени айтылган.

Бүгүнкү күндө болуп жаткан саясий куугунтуктар Атамбаевдин бийликти толугу менен өз көзөмөлүнө алуусу катары бааласак болчудай.

Анткени бүгүнкү күндө КСДПнын аброю айрандай төгүлүп, президенттикке татыктуу, эл колдогон бир дагы талапкери жоктугуна байланыштуу ушундай мыйзамсыз кадамдарга барууга аргасыз. Бийликтин таасирдүү оппоненти Текебаевди камоо менен “ мен, Президент болом”, деген талапкерлерге кагылган коңгуроо болушу мүмкүн. “Эч кандай илинчеги жок, абийири таза Текебаевди камакка алдык, силерди жөн эле камап коебуз”, дегени.

Демек бул жерде Бабанов, Сариев, Төрөбаевге окшогон күчтүү талапкерлерди чочутуп жолдон чыгарып, КСДПнын талапкерин президенттикке көтөрүү катары баамдасак болот.

Турсунбек Бейшенбеков, "Адилет" жаштар кыймылынын төрагасы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости