www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын конституциялык соту Президент Пак Кын Хеге жарыяланган импичментти колдоду. Импичмент үчүн сегиз судья добуш берген.

Сот Пак Кын Хени жакын курбусу жана кеңешчиси Чхве Сун Силдин мамлекеттик саясатка таасир этүүсүнө жол берип, коррупциялык иштерин калкалаган деп тапты. Бул чечимден кийин Пак Кын Хе бийликтен четтетилип, ага коррупция боюнча кылмыш иши козголот.

Алдыдагы 60 күндүн ичинде Түштүк Кореяда кезексиз президенттик шайлоо өтүшү керек. Өткөн жылдын декабрь айында парламент Пак Кын Хеге импичмент жарыялаган. Бирок формалдуу түрдө президенттик кызматта калган.

Бул аптада тергөөчүлөр Пак Кын Хе курбусу менен биргеликте Samsung компаниясынын вице-президенти Ли Чжэ Ёндун маселесин чечип беребиз деп, ири суммада пара алган деген айыптоону жарыялады.

Буга чейин тергөө президенттин курбусу Чхве Сун Силь мыйзамсыз түрдө ири бизнес өкүлдөрүн өзүнө караштуу өкмөттүк эмес эки фондго миллиондогон акча которууга мажбурлаганын аныктаган. Ушул фонддордун ишмердүүлүгү боюнча иликтөөлөрдөн кийин коррупциялык жаңжал тутанды. Анын арты менен Президент Пак Кын Хеге парламент импичмент жарыялаган.

Өткөн жылдын 20-ноябрында Чхве Сун Силге расмий айыбы угузулган. Өлкөнүн конституциясы боюнча прокуратура кызматта турган Президентке кылмыш ишин козгой албайт. Бирок прокуратура бул ишке анын да катыштыгы бар экенин жарыялаган.

Пак Кын Хе менен курбусу Чхве Сун Силдин тегерегиндеги жаңжал журналисттер мейманкананын жанындагы таштандыдан планшет таап алгандан кийин башталды. Ал планшетте жашыруун документтердин арасында президенттин сүйлөгөн сөздөрү жазылган. Кийин Президент бул кызматка киришкен алгачкы жылдарда курбусу менен кеңешип жүргөнүн моюнуна алган. Конституцияны бузуп, курбусуна мамлекеттик сыр документтер менен таанышууга жол бергени үчүн элден кечирим сураган.

Ушундан кийин өлкөдө каршылык жүрүштөрү дүрт алып, мамлекет башчысынын кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Демонстранттар Пак Кын Хени "өлкөнү башкарууга базалык дагы сапаттары жок" деп айыпташкан.

Булак: "bbc.com"

Последние новости