www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдигинин башчысы Дональд Туск Лондон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу документтин долбоорун ЕБдин 27 мүчөсүнө жөнөттү.

Анда Улуу Британия 2019-жылы Европа биримдигинен чыккандан кийин гана уюм Лондон менен жаңы келишимдерди түзө турганы айтылган. Бул маселе эми биримдиктин 29-апрелдеги саммиттинде каралат.

29-мартта британ премьер-министри Тереза Мэй өлкө биримдиктен чыга тургандыгы жөнүндө Брюсселге расмий билдирүү жөнөткөн.

Германия жана Франция Британия менен алгач анын уюмдан чыгуу шарттарын макулдашып алып, андан кийин гана жаңы келишим түзүү мүмкүндүктөрүн талкуулоо керектигин билдирди. Лондон болсо бул эки маселе боюнча сүйлөшүүлөр бир учурда жүрүшү керектигин билдирүүдө.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости