www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу Өкмөттүн декрети менен 2010-жылдын 27-июнунда Текебаев «атасы», Нарынбаев «апасы» катары Европадан көчүрүлүп алган Конституция референдумга чыгат. Ал кезде Түштүк аймагында өзбек сепаратисттеринин айынан Ош жаңжалы чыгып, Ош, Жалал-Абад элинин референдумга барып Текебаевдин Конституциясын колдомок түгүл, өз жан-айлаларын таппай жаткан. Убактылуу Өкмөт ушундай оор кырдаалдан пайдаланып парламенттик республикага өтөбүз деген Конституцияны өткөзүп алышты. Парламентте депутаттардын саны максимумду тээп, мурунку 90 депутаттын ордуна мамлекеттик бюджетти миллиондоп соргон 120 депутат пайда болду. Бир сүйлөмдөн он ката кетирген, сабатсыз, криминал менен байланышкан, байлыгы ашып-ташыган адамдар гана депутат боло баштады. Калың калктын катмары эмес, бийликти чоёктогон ушул депутаттардан түзүлгөн көпчүлүк коалициясынын «даңгыттары» ээлей баштады. Мамлекеттик рулду президенттин шопурлары, «телохранителдери», «секретаршалары», эшик шыпыргычтары ээлей баштады. Кыргыз мамлекети жарыла турган катастрофаларга жыла баштады. КМШлаш Орусия, Казакстан, Белорус, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттер биздин мамлекетке сын көз менен карай баштады. Бийликте болуп жаткан фракциялар ортосундагы чыр-чатактардан улам, Кыргызстан өнүкпөй артка кетти. Келжиреген, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын коргогон дабдыр мыйзамдар кабыл алынып, элдин үнү тебеленип-тепселип кала берди. Элдин пикирлери эске алынбагандыктан акыры башаламандыкка алып келди. Парламенттик республиканы колдогон Конституциянын ышпалдасы чыгып, көпчүлүк депутаттардын санын азайткан Конституцияны күтүп турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости