www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубатбек Бороновдун айтымында, учак кулаган тилкеде 43 үй болгон.

Бишкектеги "Манас" аба майданынын четиндеги айылдын үстүнө жүк ташуучу учак кулап, көп курмандыктарды алып келген кырсыкка туура кырк бир күн болду. Кырсыкта жергиликтүү 35 киши менен кошо экипаждын 4 мүчөсү курман болду. Өкмөт кырсык болгондон тарта жабыркагандарга тиешелүү жардамдын баары берилип жатканын билдирип келе жатат. Бирок кырсыктан жабыркагандар дагы деле чечиле элек өтө орчундуу маселелер бар деп жатышат.

Кырсыкта жакындарын жоготкондор оор соккудан али да оңоло элек. Алар үрөй учурган кырсыкты айтып жакындарын жоктоп жаткан учур. Кырсыкта үч баласын жоготкон Венера Шейшенова өкмөт маанилүү маселелерди унутта калтырды деп кабатыр.

"Өкмөт чогулган акчаны биз силерге бөлүп берип койсок, Түркия менен соттошо албай калабыз дейт. Элдин акчасы менен мамлекеттин кандай иши бар? Мен өкмөткө ыраазы болдум деп айта албайм. Биринчи күндөрү, биз эсибизге келе албай турганда эле жардамдар берилди, аны элдин баары билет. Дарыланып жатып чыкканыма үч эле күн болду. Кырсык болгон күнү балдарды уккандан кийин мен өзүмдүн эсимди жоготуп койгон экем, ошол бойдон абалым жакшы эмес. Мага өкмөттөн биринчи иштеген жерим мамлекттик болбосо да кырсыктан төрт күн өтпөй батир таап, ижарасын төлөп, биз сени мененбиз деп колдоо көрсөтүштү. Ал эми эл ойлойт экен, булар жардамдан эле үйгө жеткендей акча чогултту деп. Бул чоӊ катачылык, керек болсо жер алганга дагы жеткидей акча чогулган жок",-дейт кырсыкта балдарын жоготкон Венера Шейшенова.

Өкмөт тарабынан ачылган акчалай жардам которуу эсебине 100 млн сомго жакын каражат келип түшкөн

Өкмөт тарабынан ачылган акчалай жардам которуу эсебине 100 млн сомго жакын каражат келип түшкөн

Алар жапырт колдоо көрсөткөн элге ыраазылыгын айтууда. Ошондой эле бул кырсыктын материалдык зыянын эл же мамлекет эле моюнуна ала бербестен түрк компаниясы да кенемте төлөшү керек деп эсептейт. Өкмөт тарабынан ачылган акчалай жардам которуу эсебине 100 млн сомго жакын каражат келип түшкөн. Эсепке чогулган акчалар боюнча жабырлануучулар арасында бир пикир жок дешет.

Венера Шейшенова

Венера Шейшенова

"Кээде туруп, өзүм бир аз нааразы болуп кетип жатам. Эч нерсе көрө элек жаш балдарыбыз өтүп кетти. Телевизордон деле көрүп жатам, өлгөндөргө кайгырбай эле кээ бир айылдаштарыбыздын талашкандары акча, гуманитардык жардам. Айтор билбейм, талаш-тартыш, уруш, деги эмне деген заманга туш келдик? Мындан сырткары кенемте боюнча өткөндө арабыздан эле бирөө эсеп дагы эле ачык тура берсин, бизге ошончолук көп акча түшөт да дейт. Мен ушундан пайда издебегиле деп айттым. Түркиянын учагынын кесепетинен ушул кырсыкты көрүп жатабыз. Эмнеге биз алардан пайланбайбыз, эмне үчүн биз өзүбүздүн элибизди тонойбуз? Эл бизге боору ооруп, акча салып жатышат. Эсеп эбак эле жабылышы керек болчу",-дейт Венера Шейшенова.

Ошол эле кырсыкта уулу жаракат алып, аман калган Нуриза Шейшенова өкмөттүн төргөө тиешелүү деңгээлде жүрүп жатат деген маалыматына ишенбейт.

"Менин уулум Куштарбеков Баянур бир ай дегенде гана бутуна туруп, таяк менен басып жүрөт. Ушул убакка чейин бир да тергөөчү келип менден эч нерсе сураган дагы жок. Айлам кеткенде мен өзүм барып телефон чалдым. Эмне болду, экспертиза эмне болуп жатат, качан чакырасыӊ дедим. Эже эки-үч күндүн ичинде чакырам, али даяр боло элек дейт. Эки-үч күн турсун мына балдардын кыркы өтүп кетти, эч кандай маалымат жок",-дейт Нуриза Шейшенова.

Учак кырсыгынан жабыр тарткан 15 жаштагы Баянур

Учак кырсыгынан жабыр тарткан 15 жаштагы Баянур

Өкмөттүн маалыматына караганда материалдык зыяндын суммасы 195 млн сом деп эсептелген.

"Ачык эсепке азыр деле акчалар түшүп жатат, биз аны жаба элекпиз. Ал акчалар кырсыктан жабыркагандардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына сөзсүз ачык таратылат. Ал эми турак-жайлары жабыркагандарга кандай жардам көрсөтүлөрү азырынча комиссиянын кароосунда. Учурда Түркия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Аларга 195млн. чыгым болду деген расмий кат жолдонгон, бул материалдык жардам катары саналат. Эл аралык мыйзамдарга ылайык, иликтөө иши бүткөндөн кийин алар компенсация төлөп берүүгө даярдыгын айтууда",-дейт өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева.

Эл аралык иликтөөчүлөр учактын экипажы коно турган жерден учак канча бийиктикте бара жатканын тактай албай калышы кырсыкка себеп болушу мүмкүн экендигин айткан. Бирок өкмөт тарбынан түзүлгөн комиссия кырсыктын себеби боюнча азырынча расмий билдирүү тарата элек.

Булак: "bbc.com"

Последние новости