Учурда Түштүк Кореяда 2 кыргыз жараны жазасын өтөп жатканы белгилүү болду
Саясат  |   |  588

Бүгүн, 24-февралда Жогрку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда Депутат Бакирдин Субанбеков Кореяда жашаган Кыргыз жарандарынын арасында соттолгондордун санына кызыкты.

«Учурда 2 кыргыз жараны жазасын өтөөдө. Андан тышкары, буга чейин бир жаран жазасын өтөп чыгарылган», - деди Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев.

Өз кезегинде Турусбек Ишеналиев келишим Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Корея Республикасынын Адилет министрлиги соттолгон адамдарды өткөрүп берүү багытында иштелип чыкканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями