www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«51-зонага» чабуул жасоо үчүн 2 миңден ашуун адам чогулду. Бирок, аскердик базанын аймагына кирүүгө эч ким аракет кылган жок. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Кечээ, 21-сентябрда АКШнын Невада штатында жайгашкан «51-зона» деген аталышта белгилүү болгон аскердик базага 2 миңден ашуун адам келген. Алар «51-зонага» чабуул деп аталган фестивалга катышышты. Бирок, аскердик базанын аймагына кирүүгө эч ким аракет кылган жок. Чогулгандардын көпчүлүгү «51-зонага» жакын жайгашкан Хайко жана Рейчел шаарларында өтүп жаткан көңүл көтөрүүчү оюн-зоокторго катышышууда.

Эске салсак, мындан мурун белгисиз адамдар Фейсбук аркылуу «51-зонага» чабуул жасоо үчүн 20-сентябрда чогулууну сунушташкан. Акциянын уюштуруучулары эгерде көп сандагы адамдар аскер базасынын аймагына кирүүгө аракет жасаса, бийлик каршылык кыла албайт деп белгилешкен менен кийин кайра бул чакырыкка маани бербөөнү айтышкан. Июлдун аягында «51-зонага» чабуул жасоого катышууну каалагандардын саны 3 миллион адамдан ашкан. Арасында Киану Ривз, Илон Маск, Арнольд Шварценеггер, Чак Норрис сыяктуу белгилүүлөр да бар.

«51-зона» — АКШнын Невада штатында жайгашкан Аскер аба күчтөрүнө тийиштүү жашыруун объекттин калкка жайылып кеткен аталышы. Бул жерде 1955-жылдан бери авиациялык технологиялар иштелип чыгат жана аларга эксперимент жүргүзүлөт деп айтылат. Коопсуздук чаралары өтө эле күчөтүлгөн тартипте болгондуктан, жана башка себептерден улам көпчүлүгү бул жерде башка планеталыктар тууралуу далилдер ушул жерде сакталат деп айтып келишет.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости