www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев “үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоо” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуудагы сүйлөгөн сөзү сынга алынды.

Анын баамында чындыгында коомдо үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси бар, акыркы окуялар трагедия. Бирок, ага ким күнөлүү экендигин билгиси келген эл өкүлү “Ал кылмыш болгондон кийин гана ачыкка чыгып жатат. Алардын кимиси күнөлүү? Эркектерби же аялдарбы? Балким мунун бардык себеби спирт ичимдиктери болуп жүрбөсүн, алардын жашоо шартыны көз салдыңарбы?”, - дейт депутат Жолдошбаев.

Вице-спикер Аида Касмалиева болсо аялдарды алардын өлүмүнөн кийин дагы айыптоого аракет көрүлүп жаткандыгына нааразы болду.  

Белгилей кетсек, Камчыбек Жолдошбаев бир топ кызыктуудай билдирүүлөрү менен коомчулукка белгилүү болгон. Айтсак, 2018-жылы ал аял кесиптештери ишке коомдук транспорт менен келгендиги үчүн уяла тургандыгын айтып, аларды көрөөр замат баш кийимин баса кийип өтүп кетип жүргөндүгүн жар салган.  

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости