www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 16-февралында КР УКМК Эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлгөн контртеррористик иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынан мурда издөөдө жүргөн тыюу салынган уюмдун мүчөсү Кыргыз Республикасынын жараны С.А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын  басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган адам ЭТУ мүчөсү болгон жана 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин жашыруун терросттик уюмдардын курамында жүрүп өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Тергөөдөгү кылмыш иштеринин алкагында аталган адам кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости