www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вечерний Бишкек басылмасы акыркы учурда коомчулукту дүрбөтүп, ар кандай ызы-чууларды жаратып жаткан социалдык тармактардагы фейк аккаунттар жана аларды кимдер башкараары жөнүндөгү материалды жарыялады.

Кыргызстандын бийлигине каршы чыккан күчтөр, оппозиционерлер митингдерди уюштурууда. Ал үчүн соц.тармактарды активдүү колдонушууда.

Соцтармактардагы жарнамалар ири суммадагы каржыланууну талап кылат.

Эң негизги кооптонуу бул коомчулукта терс корүнүштөрдүн тез тарап жатканы. Маалыматтардын чын-төгүнүн аныктабай туруп таратууда.

Айтишниктердин анализдерине бир ааз көңүл буруп кетүүнү туура көрдүм.

Алардын баамдаганына караганда, Facebook менен Target те жарнамалар көп жүктөлүүдө дешет.

Азыр эми, биз Facebookтагы «Али - коррупцияга каршы» - аттуу баракчаны карап чыктык.  Ал баракчаны 3 адам башкарат экен:

2 адам Кыргызстандан,

1 башкаруучу Турциядан экени аныкталган.

Кызыгы, 14 чү февралдагы, Бишкекте уюштурулган митингге чакырган жарнама азыркы күнгө чейин төлөнүүдө экени даана көрүнүп турат.

Ошондо… суроо туулат экен, акча каяктан түшүп жатат?

Турциядан ким колдоо көрсөтүүдө?

Facebookтагы «Kyrgyz Azattyk Unalgysy» баракчасын Чехиядан -12 адам башкарат экен, Кыргызстандан 5 адам,

Америкадан -1адам.

Бул жерде дагы бир жолу далилденип жатат,баракча чет олкодөн каржыланып жатканы. Булакты көрсөтүшкөн эмес.

«Kloop» баракчасын 30 жараан Кыргызстанда туруп башкарса, бирөө Нидерландиядан көзөмөл жүргүзүп тургандыгы белгилүү болду,

1 аккаунт Казахстандан,

1 аккаунт Россиядан.

«Настоящее время. Азия» каналын 27 аккаунт Чехиядан,

2 Украинадан,

2 Молдовадан,

2 Россиядан,

1 Сербиядан көзөмөл жүргүзөт экен.

«Umut2020» аттуу саясий кыймылынын баракчасын бир аккаунт Кыргызстандан,

1 аккаунт Америкадан көзөмөлдөйт.

«BespredelKG» баракчасын 1 аккаунт Кыргызстандан,

1 Даниядан башкарат.

«Апрель» телеканалын Facebookта алты жолу атын алмаштырышканАндан дагы кызыктуусу ал канал «5-канал» менен «Күн Деми» каналдарын өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Апрелди 14 аккаунт Кыргызстандан башкарат.

Ошо менен 2020 жылдын август айынан бери Facebookтагы жарыяларга Кыргызстанда официалдуу түрдө $ 80 850 сарпталган, сом менен айтсак 6 млн. 872 миң 250 сом которулган.

Бул деген көрүнүш эмнени билдирет? Баардык, өлкөбүздөгү абалды курчутуу күч аракеттерди чет өлкө каржылап жатканы ачык-айкын эле билинип турат

Эл ичинде айтылып жүргөн батыштын «колу» көрүнүүдө.

Өлкөнүн коопсуздугуна жооп берчү күчтөр ушу каналдарга көз салышы керек го дейм.

Мамлекеттин абалын дестабилизацияга алып келиштери толук ыктымал», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews .kg

Последние новости