www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК кызматкерлери тарабынан Ноокат райондук сотунда кесипкөй ишмердүүлүк жүргүзгөн Ош облустук аймактык адвокатурасынын адвокаты Ж.К.Т. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жактоочу Ж.К.Т. кылмыш иши боюнча соттолуучуга юридикалык жардам көрсөтүп жатып, сот кызматкерлери менен байланышы бар экенин жана соттун оң өкүм чыгаруусуна таасир этүү мүмкүнчүлүгүн айтып, соттолуучунун атасын адаштырган. Бул «жардам» үчүн жактоочу 110 миң сом талап кылган.

2025 — жылдын 15-октябрында КР УКМК тарабынан чогултулган материалдар боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан Ж.К.Т.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "Алдамчылык" боюнча каралган кылмыштын белгилеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

2025-жылдын 16-октябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ж.К.Т. акча алып жаткан жеринен кармалган. Андан соң ал КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул окуяга башка адамдардын дагы катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Последние новости