www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын бир айга жетпеген кору калганын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди. Мурда, коопсуздук үчүн, жок дегенде эки айлык күйүүчү майдын кору кармалып турчу.

Мындай кырдаал Кыргызстан үчүн өтө кооптуу. Дегенибиз, мунун кесепети айыл чарбасынан тартып өндүрүшкө чейин бардык тармактарга терс таасирин тийгизет. Транспорт чыгымдары жогорулап азык-түлүктүн жана башка керектүү товарлардын наркы өсөт. Бул жагдай социалдык чыңалуу жаратышы ыктымал.

Арийне Өкмөт бул маселени көз жаздымда калтырган жок. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев чукул кеңешме өткөрүп, бааны көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана мунай камсыздоону туруктуу кылуу боюнча тапшырмаларды берди. Бирок мунай ресурстарына көз каранды болгон Кыргызстан үчүн кургак тапшырмаларды берүү аркылуу реалдуу кырдаалды жайгаруу оор. 

Учурда расмий маалыматтарга ылайык, А-95 бензининин баасы июнь айында 73 сом болсо, азыр 80-82 сомго чейин көтөрүлдү. А-92 бензини 74-76 сомду түзүп, дизель отуну да 80 сомго чамалап калды.

Последние новости