www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Талатбек Масадыковдун саясий туткундар тууралуу сөзүнө жооп кайтарды.

Билдирүүдө Талатбек Масадыковдун мамлекет башчыга акыл үйрөтүүгө укугу жоктугу белгиленген.

"Бүгүнкү күнү бизде саясий туткундар жок, кылмыш кылганы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылып жаткандар бар. Аларды айрым күчтөр саясий куугунтукка кабылгандар деп бурмалоого аракеттенип жүрөт. Учурда коомчулук өлкөдө коррупциялык көрүнүш, анын ичинде саясий коррупция менен күрөш жүрүп жатканына ишене баштады" деп жазылган.

УКМК кимдир бирөөнүн күнөөсүн сот аныктай турганын, ага жараша жоопкерчиликке тартууну же бошотууну сот гана чечерин, соттун ишине эч ким, мамлекет башчы да кийлигишүүгө укугу жоктугун белгилеген.

УКМК тарабынан жыл башынан бери ондон ашуун мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамсыз баюуга жана жемкорлукка айыпталып, камалган. Алардын басымдуу бөлүгү "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга айыпталууда.

Мурдагы экс-бажычы Райымбек Матраимов баш болгон бир нече мурдагы жана азыркы аткаминерлер мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын бир бөлүгүн же толугу менен төлөп, үй камагына чыгышты. УКМКнын маалыматына караганда жыл башынан бери коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 6 миллиард сомдой каражат мамлекетке кайтарылган.

Белгилей кетсек, 5-августта Масадыковдун журналист Майраш Базлакуновага курган маегинен үзүндүлөр айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган.

Коопсуздук кеңешинин төрагасы президент Садыр Жапаров өткөн айда ал өзүнө орун басарлык кызмат ачып, коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Талатбек Масадыковду дайындаган. Масадыков 2017-жылы президенттик шайлоодо талапкер болгон.

Эске салсак, 27-июлда Жапаров Масадыковдун мындай жооптуу кызматка дайындалышы анын тышкы саясат, аймактык коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнө негизделгенин жана Коопсуздук кеңешинин ролун бекемдөө менен бул органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жасалып жатканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости