www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов энеси президент болгондон кийин “бизнесменге” айланып кеткен. Андан бери 11 жыл өттү. “Колуңан келсе айран чал...” дечү беле? Эч кандай кызганыч деле жок. Бир жүйөлүү маселеге токтоло кетели. Атай Садыбакасов автобус менен тез жасалчу тамактарды сатат. Болгондо да Эркиндик бульварында. Түтөтүп, ыштаганы жанга батыптыр.
Соңку убакта биздин редакцияга пенсионер карыкартаңдар чалышып, ушул боюнча нааразычылыгын билдиришүүдө. Шаардагы автоунаалардын түтүнү аз келгенсип, эми мунусу да бир жагынан “буркуратып” турганы кандай? Паркта ардагерлер эс алат, кичинекей балдар ойношот. Мына ушуларга жагымсыз көрүнүш жасап жаткан Атай Садыбакасовду тыйып койчу жан барбы?
А Бишкек мэриясына ишеним эчак эле кетиптир: улам бир шалтуруктар келип жатышса, кайдагы тартип, өнүгүүнү оозанабыз? Тескерисинче, артка кетебиз да.
Булак: Азия News гезити