www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК “Эркин Европа/Азаттык үналгысы” медиакорпорациясынын президенти Джейми Флай мырзага журналисттер Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун А.Саймаити иши боюнча сурак берүүсү үчүн тергөө органдарына келишин камсыздоого көмөктөшүүсү камтылган расмий кат жиберди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.

Кыргыз Республикасынын УКМК Интернет-ресурстарында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында, «Азаттык» радиосунун журналисттери жарыялаган Кытай Эл республикасынын жараны А.Саймайитинин иш-аракетине жана ага берилген документтерге байланыштуу сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Ведомстволор аралык тергөө тобу анын ичинде коомдук резонанска айланып, депутаттык корпустун жана жарандык коомдун кызыгуусун жараткандыгын эске алуу менен ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө багытталган тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.

Тергөө бир нече жолу «Азаттык» радиосунун журналисттерин суракка алууга жана алардагы колундагы, анын ичинде А. Саймаитиден алынган материалдарды алууга аракет кылган. Ошентсе да, А. Саймаитинин ишмердүүлүгү жөнүндө журналисттик иликтөөнүн материалдарын даярдоого түздөн-түз катышкан журналисттер жана аны менен тыгыз байланышта болгондор азыркыга чейин суракка келише элек. Ошондой эле, тергөөгө бүгүнкү күнгө чейин толук көлөмдө журналисттик иликтөөнүн убада кылынган материалдары берилген жок. 

Буга байланыштуу КР УКМК тергөөнүн жыйынтыгын коомчулукка жеткизип, ага укуктук баа берүүгө багытталган  бардык зарыл тергөө иш-аракеттерин өткөзүүнү камсыз кылуу үчүн, журналисттер Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун тергөө органдарына келишин камсыздоого көмөктөшүүсү камтылган расмий катты “Эркин Европа/Азаттык үналгысы” медиакорпорациясынын президенти Джейми Флай мырзага жиберди. 

КР УКМК берилген материалдарды мыйзам чегинде тастыктоого жана журналисттерге карата болгон коркутууларга байланыштуу тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экендигин билдирип, "Азаттык" радиосунун журналисттеринин коопсуздугун толук камсыз кылууга кепилдик берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости