www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) “№1 тергөө абагында отурган Даниел Ажиев кыйноого кабылып жатат” деген маалыматтарды төгүндөдү.

Мекеме 3-июндагы билдирүүсүндө Ажиевге карата эч кандай басым-кысым колдонулбаганын, ал өзүнүн суранычы менен бир камерада жалгыз отурганын кабарлады. ЖАМК Ажиевдин адвокаттарынан жалган маалыматтарды таратууну токтотушун талап кылган.

Буга чейин Интернетте Даниел Ажиевдин адвокаттары анын тергөө абагында кыйноого алынганын айтып чыгышкан.

Ажиев быйыл март айында “Инстаграмдагы” баракчасына видео жарыялап, колунда жокторго жардам көрсөтүп жатканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөндөн кийин Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча шектүү катары кармалган.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жол кырсыгына катышканын эске салган, ага нааразылык билдирген бир нече видеосун да Интернетке жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости