www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык пайдалануу фактысы боюнча бюджетке келтирилген зыяндын бир бөлүгү төлөнүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын июль айында "Чалдыбар" өткөрмө бекетинде чек арачылар өлкөдөн 75 кычкылтек концентраторун жана акциздик маркалары жок тамекини мыйзамсыз өлкөдөн алып чыгуу аракетин токтотушкан.

Кармалган жүк Финансы полициясына берилген. Бирок Финполдун кызматкерлери тергөө учурунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ордун толтурууга келтирилген чыгымдын көлөмүн төмөндөткөн жана 27 кычкылтек концентраторун менчиктеп алышкан.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча катталып, мамлекетке 9 миллион сомдон ашык зыян келтирилген аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бюджетке келтирилген зыяндын 7 млн сомдон ашык каражат төлөндү.

Учурда Финполдун кызматкерлери тарабынан калган зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости