www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликке келсек эле Кыргызстанды өсүп-өнүктүрөбүз деген кур-куыйкырыктар менен элдин бир аз бөлүгүн алдап, Кыргызстанды орду толгус бүлгүнгө учуратып министрге келгендердин бири «Текебаевдин Шаолини». Министрдин саясат менен эмне жумушу бар эле? Министр боло элек жатып «Текебаевдин Шаолини» наамын туткан айыл чарба министри жаңы Конституцияга каршы чыкты. Конституциянын жаңы долбоорунда мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилген. Ошондой эле долбоордо өкмөттү башкаруу президентке жүктөлгөн. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн. Буга бадыраңчылардын тиши өтөбү? Бадыраң өстүрүп күн көрүп жүргөн баланы Текебаев өкмөт башчысы кылгысы келген. Эгер ал өкмөт башына келип, бүгүн президенттик шайлоодо жеңип чыкса Текебаевдин айтканын кайрадан угуп, аны дүнүйөгө марытып, өзүбүз тишибиздин кирин соруп жыргамак экенбиз. Бирок, ага чамасы келбей, ал айыл чарба министрлигин басып жыгылды, кандай карьералык өсүш! Ал айыл чарбасына министр болгону оозу гана сүйлөп, өзү эч нерсеге дараметсиз экенин айкындады, көрсө Текебаев аркансыз жетелеп алгандардын бирөө экен. Жакында дыйкандар маңдай тери менен чыгарып жаткан эт жана башка азык-түлүктөр чет мамлекетке чыгарылбасын деп буйрук чыгарыптыр. Бул дыйкандарга болгон ачык бут тосуу, бийликке болгон саботаждык:

Биринчиден, дыйкандар шор терин агызып өндүргөн продуктыларын чет мамлекетке сата алышпай, маңдай теринин үзүрүн көрбөй калышат.

Экинчиден, «Көч бара-бара түзөлөт» дейт, жаңыдан түзөлүп келаткан чет мамлекеттер менен болгон мамилени бузуп, алар менен Кыргызстандын ортосунда болуп жаткан келишимдерди бузду.

Үчүнчүдөн, дыйкандардын продуктыларын чет мамлекетке саттырбай койсо эле баа түшүп кетпейт. Айыл чарба министрлиги монополияга каршы күрөшүп, бааларды стабилдүү кармаш үчүн күрөшүү керек. Кабинетке отуруп алып, бадыраң саткансыбай элдин жашоо тиричилигин тыңдашы зарыл. «Кедейкандай» болуп үч ай министр боло элек жатып дыйкандарга каршы буйруктарды бербей,кара пиар менен алек болбой жакшылап иштесе болмок.

Айыл чарба тармагы биздин мамлекеттеги орчундуу тармак. Отуз жылдан ашуун саясатта жүргөн Текебаев менен кимдер гана араздашпады. Текебаевчил айыл чарба министри бийликти жаман көрсөтүш үчүн иш эмес, саясат менен алек болуп калган. Базарларда баалар өсө баштады. «Мен бийликте болсом элди жыргатам» деп алдап келген Текебаев бадыраң өстүрүп жаткан жерден жетелеп келген «Шаолини» элди оңдурган жок. Бишкек шаарында 1 литр өсүмдүк майы 103 сомдон 130 сомго чейин сатылып, эки апта аралыгында 5 сомго жогорулаган. Мындан тышкары Ош шаарында жана Кочкор районунда да өсүмдүк майынын баасы 5 сомго көтөрүлгөн.

Анализге ылайык, кумшекер жана өсүмдүк майына болгон баалар өскөн: Бишкектеги базарларда кумшекердин баасы 50-52 сомду түзүп, өзгөрүүсүз бойдон калган. Ал эми Кочкор районунда, Кара-Балта, Каракол жана Чолпон-Ата шаарында кумшекерге болгон баа 1 сомго көтөрүлүп, 48-50 сомду түзгөн. Өлкөнүн аймактарында азык-түлүккө болгон бааларга анализ жүргүзүлүп, ага ылайык, айрым тамак-аштын баасы жогорулаган. Экономика министрлигинин аймактар аралык башкы башкармалыгы Бишкек шаарындагы жана өлкөнүн облустарындагы базарлардагы азык-түлүктүн баасына анализ жасаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости