www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас "эл аралык аэропорту" ААК бардык адамдарды, санитардык-карантиндик талаптарды эске алуу менен жүргүнчүлөр рейстеринин учуп келүүсүн жана тейленишин уюштуруу жана тейлөө боюнча талаптарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

"Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропорттору бүгүнкү күндө ички жана чартердик каттамдары ишке ашырууда. Алсак, аэровокзалда коопсуздук максатында социалдык аралыкты сактоо үчүн (1.5 метр) чийиндер атайын жайгаштырылган жана дезинфекциялык каражаттар жетиштүү санда.

Аэропорттор ичинде беткап режимин сактоо жана көзөмөлдөн өткөндөн кийин жайларда беткапты чечпөө талап кылынат.

Акыркы учурларда көптөгөн жүргүнчүлөр тилекке каршы, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды этибарга албай, ал эми аэропорттун кызматкерлеринин айткандарына эмоционалдуу мамиле кылып жатканы байкалууда. Буга байланыштуу "МЭА" ААК бардыгыңыздарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону, өз ден соолугунуздарга көңүл бурууну жана аэропорттордун кызматкерлерин ашыкча тобокелдикке учуратпоону өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости