www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында "ХизбутТахрир" ДЭУнун активдүү мүчөлөрү: Ж.Р.К., Ж.К.Ж, Ч.Н.О. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле, К.у.А. жана Т.А.Ч. аттуу жарандар аталган уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартуу ниетин билдирген.

Атап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун (адамдардын тобу тарабынан экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) алкагында жүргүзүлгөн кылмыш ишинин натыйжасында аталган адамдар тарабынан "телеграмм" мессенджеринде экстремисттик идеяларды жана материалдарды таратуу фактысы аныкталган.

Ошол эле учурда тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында "ХизбутТахрир" ДЭУнун аталган мүчөлөрүнүн жашаган жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 1 ноутбук жана диний адабияттар алынды. 

Учурда уюмдун башка мүчөлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Последние новости