www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКга байланыштуу кармалгандар боюнча маселе коомчулукта кайрадан суроо жаратууда. Буга чейин аталган кызматтын мурдагы орун басары, ошондой эле башкармалык жана бөлүм башчылары камалганы чоң резонанс жараткан эле. Бирок азыр алардын айрымдары бошоп кеткенби деген күмөн ойлор айтылууда. Расмий органдар бул боюнча так маалымат бере элек.
Күч түзүмдөрүндөгү айрым өкүлдөрдүн айтымында, мындай өзгөрүүлөр түшүнүксүз болуп, суроолорду жаратууда. Айрымдар бул кармоолор пиар максатында гана жасалып, кийин акырын бошотулуп жатабы деген божомолдорду айтышууда.
Учурда СИЗОдо Эльдар Жакыпбеков жана бир нече кызматкер гана калганы кабарланууда. Бул жагдай да коомчулуктун көңүлүн бурууда: негизги жоопкерчилик бир адамга жүктөлүп жатабы же башка фигуранттар дагы барбы деген суроо туулат.
Алгач УКМК жетекчилигине карата мыйзамсыз аракеттер, зордук-зомбулук тууралуу маалыматтар ЖМКларда кеңири чагылдырылып, бир нече адам камакка алынган эле. Азыркы жагдай боюнча ачык жана так маалымат берилиши коомдук ишеним үчүн маанилүү болуп тургандыгын жазат, "Арыба" сайты.
Эске сала кетсек, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 10-февралда КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан кызматтан алынган. Ал кызматтан кеткенден кийин анын командасындагы бир катар кызматкерлер да кызматтан бошотулуп, айрымдары камакка алынган.