www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте эстетикалык топтук гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты өтүүдө
2026-жылдын 8-майында борбор калаадагы «Газпром-балдарга» дене тарбия ден соолукту чыңдоо спорттук комплексинде эстетикалык топтук гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионатынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Мелдешке Кыргызстандан, Казакстандан жана Россиядан келген 4 жаштан 25 жашка чейинки 420га жакын спортчу катышууда. Кыргызстандын атынан Бишкек шаарынан, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын, ошондой эле Кант шаарынын командалары катышууда.
Спортчулар ар түрдүү жаш курактагы категорияларда, анын ичинде командалык жана аралаш курамдарда күч сынашууда.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, Кыргыз Республикасынын эстетикалык топтук гимнастика федерациясынын президенти Назира Семетеева, олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары Каныбек Чоробеков жана эстетикалык гимнастика федерациясынын куратору Айжан Екимбаева катышты.
Канатбек Маматов өз сөзүндө эстетикалык топтук гимнастика салыштырмалуу жаш спорт түрү болгонуна карабастан, бүгүнкү күндө көптөгөн катышуучуларды бириктирип, өлкөдө активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал Бишкек шаарынын мэриясы дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү ар дайым колдой турганын айтып, чемпионаттын катышуучуларынын арасында келечектеги эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү бар экенине ишеним билдирди.
Чемпионаттын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышат. Мыкты командалар Астана шаарында өтө турган Азия чемпионатында Кыргыз Республикасынын атынан катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мелдештин уюштуруучулары — Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекция, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын эстетикалык топтук гимнастика федерациясы.