www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашууларда жолдор ачык, каттам бар

Бүгүн, 11-майга карата ашууларда абал туруктуу.

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолго кум себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кардын калыңдыгы 20-25 см жетти. Учурда №36 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолду кардан тазалоо жана инерттүү материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Долон жана Кубакы ашууларында да кар жаап, Министрликке караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан жолдорду тазалоо, кум жана туз себүү иштери өз убагында аткарылууда.

Ушу тапта бардык ашууларда жолдор ачык. Унаа кыймылына эч кандай чектөө киргизилген жок.

Белгилей кетсек, 11–12-май күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайына байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты кармоого жана ылдамдыкты ашырбоого чакырат.

 

Последние новости