www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жол курулуш объектилерин жеринде көрүп чыкты.
Министр Бишкек шаарында жайгашкан Профсоюз көчөсүндөгү, Түндүк айланма жолундагы жана Чүй облусунда жүрүп жаткан жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.
Иш сапардын жүрүшүндө министр аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, курулуш иштерин белгиленген талаптарга ылайык жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.
“Жол курууда эң негизги талап — сапат. Ар бир аткарылган иш элдин коопсуздугуна жана ыңгайлуулугуна кызмат кылышы керек”, — деди министр.
Ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканаларга курулуш иштерин күчөтүү, техникалык көзөмөлдү тыкыр жүргүзүү жана жолдордун сапатын камсыздоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Министрлик тарабынан өлкөдөгү жол инфраструктурасын жакшыртуу жана заманбап талаптарга жооп берген жолдорду куруу багытындагы иштер улантылат.