www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

УКМКнын Ош облусу жана Ош шаардык башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастрдын» Кара-Суу районундагы филиалынын кызматкери Э.Б.ны кармды.

Аталган кызматкер 21-декабрда жасалма документтердин негизинде 0,65 гектар жер тилкесине мамлекеттик күбөлүк каттатып алган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган жер тилкесин чет элдик инвесторлорго 350 миң долларга сатууга аракет кылышкан.

Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү изделип жатат.

УКМК кыймылсыз мүлктү сатып алардан мурда аны кылдат изилдөөнү эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости