www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Marion Biotech компаниясы Өзбекстанда 19 баланын өлүмүнө байланыштуу жөтөлгө каршы “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтотту. Бул тууралуу novosti.kg басылмасы жазды.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда өткөн аптада ушул дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калды. "Док-1 Макс” дарысынан уулуу этиленгликол заты табылганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Министр Бехзод Мусаев каза болгон балдардын ата-энелеринен кечирим сурап, шалаакылыкка жол бергендер мыйзам алдында жоопко тартыларын билдирген.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды, сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Ал эми Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости