www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-декабрда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Борончиев жана Сарыбагышев көчөлөрүнүн кесилишинде массалык мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Маалыматтарды текшерүү учурунда Томкок шаарында «Сказка» дүкөнүнүн 2-кабатында жаңы жылдын урматына дискотека уюштурулуп, анда Токмок шаарынын жана Чүй облусунун өспүрүмдөрүнүн ортосунда чыр чыкканы аныкталган. Окуя массалык мушташка айланып кеткенин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Массалык мушташтан улам Чүй айылынын 2004-жылы туулган тургундары Ж.С. жана 2005-жылы туулган К.М. бычактан жаракат алышкан.
Бул факты Токмок ШИИБнин АИС ЭПКга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280 беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Токмок ШИИБ тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында массалык мушташуунун катышуучуларынын өздүгү такталып, алар Токмок шаарынын жана Чүй районунун тургундары 2005-2007-жылы туулган өспүрүмдөр болуп чыкты. Алар шаардын ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Бул кылмышка шектелип Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 2006-жылы туулган Т.Р., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, мушташтын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg