www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-декабрда Кашкадарыя облусунун Дехканабад районунда «Док-1 Макс» дарысын ичкенден кийин бир жарым жаштагы бала чарчап калды. Муну менен бул препараттан улам каза болгон балдардын саны 19га жетти.

Кашкадарыя облустук прокуратурасынын маалыматына караганда, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, болжолдуу тергөө иштери башталды.

Буга чейин Өзбекстанда «Док-1 Макс» дарысын ичкенден кийин 18 бала чарчап калганы, алардын 15и үч жашка чыга элек болгону кабарланган. Наристелердин өлүмүнө препараттын курамындагы «этиленгликоль» заты себеп болгону айтылган.

Бул окуядан кийин өлкөнүн саламаттык сактоо министри Бехзод Мусаев жабыркаган жана каза болгон балдардын ата-энелеринен кечирим сурап, бул ишке тиешеси бар бардык жооптуу кызматкерлер жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Өзбекстанда «Док-1 Макс» таблеткалары менен сиробун сатууга 22-декабрда убактылуу тыюу салынган.

Прокуратура жарандарды «Док-1 Макс» дарысын ичпөөгө үндөп, ал препараттар өлкө дарыканаларынан алынган.

Кыргызстанда дагы аталган дарыны сатууга тыюу салынганын саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости