www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК кармаган мэрдин мурдагы орун басары акталды

Жогорку сот Бишкек мэринин мурдагы орун басары Максатбек Сазыкуловго карата козголгон кылмыш ишин токтотту.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 3-августта кабыл алынган токтом менен Сазыкуловго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү боюнча козголгон иш токтотулган. Ошондой эле буга чейинки сот актылары жокко чыгарылды.

Сазыкулов 2024-жылдын 14-апрелинде кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз курулган соода объектилерине колдоо көрсөткөн деген шек менен УКМК тарабынан кармалган.

Ал 15-апрелде УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ошол эле жылдын 30-майында эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган.

Последние новости