www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы 29 мамлекеттик органдын ичинен 2-орунду ээледи.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматына ылайык, буга чейин анын ишине берилген баалоо индекси 24,6 баллды түзгөнү тууралуу маалымат тараган. Мэрия бул көрсөткүч туура эмес түшүндүрүлгөнүн белгиледи.
24,6 балл мэриянын ишине берилген баа эмес. Бул Бишкек шаарында иш алып барган 29 министрлик жана ведомствонун көрсөткүчтөрүнүн орточо көрсөткүчү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы 44,4 балл алып, 29 мамлекеттик органдын ичинен 2-орунду ээлеген.
Мэрия туура эмес маалыматтарды тактоо максатында бул көрсөткүчтөрдү коомчулукка түшүндүрүп берди.