www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы учурда маалымат каражаттарындагы кызыкдар тараптар акыркы беш жылда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тергелген бардык кылмыш иштерин карап чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштап жатышат. Буга байланыштуу атайын кызмат мыйзамда белгиленген тартип бар экенин билдирди.
УКМКдан билдиришкендей, Конституцияга ылайык, мамлекеттик бийлик мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө принцибине негизделет.
Жазык-процессуалдык мыйзамдардын нормаларына ылайык, тиешелүү түзүмдөрдүн (УКМК, ИИМ жана башка) тергөө бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн иштердин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү прокуратура органдарына жүктөлөт, ал эми сот адилеттигин ишке ашыруу укугу өзгөчө сот органдарына гана таандык.
Белгилей кетсек, Жазык-процессуалдык кодексинин 8-беренесине ылайык, кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жана башка чечимдери Жазык-процессуалдык кодексинде каралган тартипте тиешелүү соттор тарабынан гана текшерилип жана кайра каралышы мүмкүн, ал эми тергөөчүнүн процессуалдык чечимдери көзөмөл органы тарабынан изилденип, жокко чыгарылышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу кылмыш иштерин кайра кароо боюнча кандайдыр бир комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш конституциялык принциптерге каршы келет, анткени мыйзамдарда тергөө-сот ишине кийлигишүүгө тыюу салынган.
"Мамлекет башчысынын көрсөтмөсүнө ылайык, УКМКда анын ишинин дээрлик бардык тармактарын жана ыкмаларын камтыган тиешелүү реформа жүргүзүлүүдө. Мындай кадам улуттук коопсуздук органдарын заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга ылайыкташтырууга, чалгындоо жана контрчалгындоо иштерин күчөтүүгө, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүүгө, коррупцияны андан ары жоюуга, уюшкан кылмыштуулуктун алдын алууга, өлкөнүн маалыматтык жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
УКМК өз ишмердүүлүгүн мыйзамдын чегинде Конституция менен кепилденген жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо менен жүргүзөт",-деп айтылат маалыматта.