www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Мирлан Бакировдун тууганы үй камагына чыкты

"Кыргыз жылуулук коммуналдык энерго" мамлекеттик ишканасынын Кочкор-Ата шаардык филиалынын жетекчиси Төлөн Бакиров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, ал Жалал-Абад шаарында Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципиалдык ишканасын жетектеп турганда көчөт сатып алуу боюнча бюджетке 612 миң 800 сом зыян келтирген.

--"2020-жылдын март айында тик өсүүчү арчанын бир көчөтүн 2 миң 600 сомдон сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Муниципалдык ишкананын тендердик комиссиясы тарабынан арзаныраак баа сунуштаган жеке компания жеңүүчү деп табылган. Бирок ишкана жетекчилиги өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир даанасы 742 сом турган башка сорттогу көчөттү алып келген. Бул иш боюнча Төлөн Бакиров 9-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми 10-февралда Жалал-Абад шаардык соту баш коргоо чарасын карап, ал келтирилген чыгымды мамлекетке төлөп бергенден кийин үй камагына чыкты", - деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров менен Төлөн Бакиров ага-ининин балдары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости