www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элиталык импорттук продукция деген шылтоо менен мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын ташып келүү жана сатуу боюнча кылмыштуу схема аныкталды, деп билдирди УКМК.
Такталгандай 10 жылдан ашуун убакыттан бери премиум гастромаркет катары иштеп келген «Корзинка» ЖЧКсынын негиздөөчүсү 1988-жылы туулган КР жараны З.С.Н. 5-6 жылдан бери чет өлкөдөн арзан баада мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын ташып келип жүргөн.
«Аталган жаран чет өлкөлүк сатуучулар менен жең учунан сүйлөшүп алып, жок кылууга багытталган мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатып алып, аларды жаңы жана эксклюзивдүү продукция катары тариздеген. Азыктар өлкөгө колдонууга жарактуу товарлар менен кошо ташылып, текшерүү иштерин татаалдаткан.
Европадан алып келинген италиялык соус, сыр, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүктөр иш жүзүндө жарандардын ден соолугуна коркунуч жаратат.
Бул зыяндуу азыктарды Бишкектеги элиталык кафе-ресторандар жана кофе ичүүчү жа алып турган.
Аталган компаниянын төмөнкү даректердеги кампаларында тинтүү жүргүзүлдү: Набережная көч. 16; Жукеев-Пудовкин көч. 616 («Корзинка» дүкөнү); Интергельпо көч. 1. Бул жактарда мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафакттык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лаборатория, оргтехника жана оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар, чекене түйүн жана онлайн платформалар аркылуу жүргүзүлгөн массалык сатуулар боюнча иш кагаздар табылган.