www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК менен Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмуна каршы күрөшүүнүн алкагында Каракол, Ак-Суу жана Түп райондорунда 13 үй тинтүүгө алынды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 142 даана диний адабияттар, баракчалар, брошюралар, ошондой эле 38 электрондук алып жүрүүчү, флеш-карталар, дисктер жана 28 уюлдук телефондор түрүндөгү буюм далилдери табылып алынып, процессуалдык түрдө документтештирилди. Аларда Теологиялык экспертизанын жыйынтыгында “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик мүнөздөгү материалдары табылган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (“Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу”) негизинде кылмыш иштери козголуп, керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости