www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир сутка ичинде жер-жерлерде 4 адам сууга чөгүп, үчөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-июлда жалпысынан 4 сууга чөгүү фактысы катталды. Анын ичинен 3 адамдын сөөгү табылып, 1 адамды учурда издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылынын Ленин көчөсүндө каналдын суу бөлүштүрүүчү түйүнүндө 9 жаштагы С.Б. аттуу эркек баланын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Бул аймакка райондук №27 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган баланын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Мындан сырткары Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылында 21 жаштагы уландын көлгө чөгүп кеткендигин маалымдашкан. Аны издеп-куткарууга Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу, кошумча Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 2 куткаруучу, ИИБден 2 кызматкер жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Куткаруучулар 21 жаштагы уландын сөөгүн таап, ИИБнин кызматкерлерине беришкен.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болжол менен 35 жаштагы эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн. Кырсык катталган жерге саат 17:19да Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган. Анын сөөгү 18:32де куткаруучулар тарабынан табылган.
Ал эми Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылынан агып өтүүчү Чоң-Чүй Каналына түшүп кеткен 20 жаштагы К.М. аттуу жигитти издөөгө саат 08:47де Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4, Чүй райондук №24 ӨКБдан 8, жалпы 12 куткаруучу тартылган.
Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
Булак:, NazarNews.kg