www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АШАнын заманы күн сыяктуу баткан соң, анын жегич куйруктарына убал болду. Бишкекте суу тартыш, ушул сууга бөлүп койгон миллиондорду ичип-жеп алып камактан качып дыңылдап жүргөн Албек Ибраимовду тим койолу, Жээнбековдун заманынан бери камактан колу бошобогон Зилалиев деген шоркелдей бар. АШАнын заманында миллион доллар менен баласы экөө жашынбак ойноп жүрө турган. Жээнбеков келер менен муну тыгар жерине тыккан. Андан бошонуп алса, Акыл Жапаровдун кутуму менен акыл эмес Жапаров да тыкчу жерине тыккан. Акыл Үсөнбекович АШАнын сүйгөн финансы министри болгон, эмне ал криссталдай таза иштеди беле?

Атамбаевдин балашкалары миллиондогон доллар менен “лянга” тепкенди сүйө турган. Айрыкча Манас Арабаев, Зилалиев, Фарид Ниязов, Алмаз Исманкуловдор “лянга” дегенде жата калышчу. Миллион доллар кеппи, учурунда мындай акчаны үйүнө алып барып Зилалиев пара ойноп койчу. Паранын да ар кандай түрлөрү болот, алардын бири “лянга”, оң бутту жерге коюп, анын аркасы менен, сол бут аркылуу секирип тебет. Миллион доллар менен “лянга” ойногон Зилалиев. Айбандар үчкө бөлүнөт чөп жегендер, эт жегендер жана акча жегендер болуп. Акча жегендер президенттик администрацияга толуп алышып, Зилалиев сыяктуу миллион долларды тепкилешип пара ойноп чалчактап жүрүштү. Сооронбай Жээнбековдун президенттик инаугурациясында экс-президент Атамбаев ага иш бөлмөсүн тапшырууга аттанганда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бомба бар деп ай-ааламга жар салган. Арийне, мындай коркутууга карабай Жээнбеков иш бөлмөсүнө барып өзүнүн бийлигин өткөзүп алган. Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң Зилалиев кармалып «Оптима банктын» банк ячейкасынан миллион доллар табылганы тууралуу видео тарап, элдин аң-сезиминде сакталып калган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет комитет тергөө жүргүзүп жатканда эле Зилалиев «миллион доллар меники эмес, ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнүн акчасы болчу» деп айткан. Бирок Жээнбеков президент болуп тургандыктан аны эч ким суракка алган эмес, УКМК да «жок, бул миллион доллар сеники» деген жүйө менен сотко өткөрүп берген.

Зилалиевдин үйүн тинтүү учурунда 900 миң доллар накталай акча табылган. Кийин банк ячейкасында да 1 000 000 доллар акча катылганы ачыкка чыккан. Зилалиев Атамбаевге таянып кендерди казып алуу үчүн 1542 лицензияны ит бекерге берген, лицензиялардын 179у алтынга байланыштуу. Дүйшөнбек Зилалиев 2013-жылдын 25-июлунан 2017-жылдын 25-августуна чейин Геология агенттигин, кийин кайтадан түзүлгөн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетин жетектеген. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча Зилалиев жетекчи болуп турганда жалпысынан 1542 лицензия берилген.

Алардын ичинен:

Кенди иштетүүгө — 678;

Чалгындоого — 678;

Кен байлыктарды издөөгө — 183;

Жыйноого — 10 (минералдык, коммерциялык максатта палеонтологиялык коллекция үчүн же декоративдик максатта таш материалдар үчүн). Тогуз лицензиянын максаты жазылган эмес.

Берилген лицензиялардын 179у алтынга байланыштуу (алтын менен чогуу башка материалдар дагы болушу ыктымал). 90у чалгындоого, 72си издөөгө, 16сы иштетүүгө берилген. Бир лицензия эмне үчүн, кандай иш жүргүзүү үчүн берилгени көрсөтүлгөн эмес. Белгилей кетсек, Зилалиев мурун кармалган күндүн эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилген. Ага мыйзамсыз жол менен байыган деп айып тагылган. Андан сырткары, Зилалиевдин декларацияда көрсөтпөгөн батири, үйү жана жер тилкеси аныкталып чыккан болчу. 2019 жылы апрелде туугандарынын бирөөнө Бишкектин борборундагы эки кеңсени каттаткан. Сатуу-сатып алуу келишими боюнча алардын баасы 34 жана 19 миллион сом деп көрсөтүлгөн.

Эми болсо экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Бишкектеги СИЗО-1 мекемесине киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 17-мартындагы токтомуна ылайык, айыпталуучу Зилалиевке карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 15-май күнүнө чейин тандалды жана ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнин №21-мекемесине камакка алынган.

Эске салсак, УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев кармалганын 15-мартта кабарлаган.Атайы кызматтын маалыматы боюнча, ал 2017-жылы аталган комитетти башкарып турганда ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алганы аныкталган, бирок Зилалиев айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акчасын кайтарып берген эмес.

Зилалиевге 2020-жылы Башкы прокуратура 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп тургандагы ишмердүүлүгү боюнча «мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү деп табылып, жети жылга кесилген. Кийин 2021-жылы 23-июнда Жогорку сот Зилалиевге «мыйзамсыз баюу» боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости