www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуулукка каршы багытталган масштабдуу ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрдү.
УКМКнын маалыматына караганда, 26-августта уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрү катары ыкчам каттоодо турган бир катар адамдар комитетке жеткирилген.
Алар менен түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлүп, кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүнө мыйзамсыз ишмердүүлүктү кайра жандандырууга, кылмыштуу чөйрө менен байланыштарды сактоого жана «уурулар идеологиясын» жайылтууга жол берилбестиги эскертилген.
УКМК жарандарга басым көрсөтүү, опузалап талап кылуу, шантаж кылуу жана кылмыштуу салттарды кайра жандандыруу аракеттерине катуу бөгөт коюларын белгиледи.
Ведомствонун маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун таасирин жоюу, бизнести коргоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер улантылып, жетекчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.