www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунда жер тилкесин өзүм билемдик менен ээлеп, мыйзамсыз курулуштарды курган жаран боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 3-апрелинде Араван райондук ички иштер бөлүмүнө Дөбө-Коргон айыл аймагында 1958-жылы туулган А.А. өзүнө тиешелүү эмес жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп, ал жерге курулуштарды куруп алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Анын алкагында жер тилкесине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга сурамдар жөнөтүлгөн.

Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Последние новости