www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жактоочунун жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (Опузалап пара талап кылуу) 1-бөлүгү менен козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 1- мартта жактоочунун жардамчысы Б.А.М. кармалды. Себеби УКМКга А.Б.Э аттуу жаран кайрылып, Аламүдүн райондук сотунун кызматкери Б.А.М. соттун чечимин тездетүү үчүн акча опузалаганын айткан.
Кармалган адам өзүн Аламүдүн райондук сотунун кызматкери катары тааныштырып, соттук териштирүүнүн мөөнөтүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштап келген.
Тергөө уланууда.
Булак: NazarNews.kg