www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Жумгал районундагы «Көкө-Мерен» АКка тиешелүү болуп келген 1,79 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул коом мурда колхоздор аралык курулуш бирикмеси болчу.
УКМКнын 15-апрелдеги маалыматы боюнча, СССР учурунда колхоздор аралык курулуш бирикмеси колхоздордогу өндүрүштүк жана маданий-тиричилик объектилерин курган. 2003-жылы банкрот шылтоосу менен Колхоздор аралык курулуш бирикмеси «Көкө-Мерен» акционердик коому болуп кайра түзүлгөн. Анын төрагасы болуп Жумгал районундагы Чаек айылынын тургуну Ч.Б. шайланган.
Комитеттин маалыматы боюнча, финансылык кыйынчылыктардан улам уюмдун иши көп жылдар бою толук аткарылбай, андан кийин токтоп калган. Анын кароосуз калган имараттары жана курулмалары жергиликтүү тургундар тарабынан бузулуп, бир бөлүгү көмүр сактоочу жайга айланып, экинчи бөлүгү таштандыга толуп калган.
«Көкө-Мерен» АКтын жер тилкеси Чаек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.