www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Бишкек шаардык Башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына (ИВС) киргизилди. Ал Аскер прокуратурасы тергеп жаткан иштин алкагында кармалган.

Бул тууралуу Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына таянып кабарлады. Кылмыш ишинин чоо-жайы азырынча ачыктала элек.

Буга чейин, 14-февралда, Бишкек шаары боюнча УКМКнын Башкы башкармалыгынын жаңы башчысы болуп Улан Бийбосунов дайындалганы маалым болгон. Ага чейин Элдар Жакыпбеков кадрлар резервинде турган.

Ошондой эле Жакыпбековдун кармалганы тууралуу маалымат 10-февралда эле тараган, бирок анда УКМК бул маалыматты төгүндөп чыккан.

Последние новости