www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Афган согушунда курман болгондор эскерилди

Бишкектеги Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, интернационалист жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо маселелери боюнча аскердик атташеси Игорь Довбня, Афган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин лидери Кожобек Рыспаев, ошондой эле Афган согушунун ардагерлеринин кыргыз коомдук кыймылынын төрагасы Абдыгул Чотбаев катышты.

Коргоо министринин орун басары министрлер кабинетинин төрагасы жана коргоо министри тарабынан “Афган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңеши” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнө ыраазычылык жарыяланганын айтты. Ошондой эле ал өкмөт башчысынын резервдик фондунан каржылык колдоо көрсөтүү максатында 250 миң сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Митинг “Жоокер-интернационалисттерге” арналган эстеликке гүлчамбар жана гүл коюу менен жыйынтыкталды.

Эске салсак, 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлердин акыркы бөлүгү Афганистандан чыгарылган. Он жылга созулган согушта 15 миңге жакын советтик офицер жана жоокер, 100 миңден ашык афган жараны каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алган, 274 адам дайынсыз жоголгон. Кыргызстандан барган 7 141 аскердин 250гө жакыны согуштук орден жана медалдар менен сыйланган.

Последние новости