www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанды чыныгы башкаргандар кимдер?
КР Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловдун өз ыктыяры менен кызматынан кетиши өткөн жуманын эң кызыктуу окуяларынын бири болду. УКМКнын пресс-кызматынын билдирүүсүнө караганда полковник Кадыркулов өзүнүн мындай кадамга барышын коомчулукка төмөнкүчө түшүндүрдү: “Акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарында, коомчулук менен бөтөнчө бейөкмөт секторлору жигердүүлүк менен КР Мамлекеттик каттоо кызматынын биометрикалык паспорттордун бланктарын сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү материалдарын УКМК органы тарабынан адилетсиз каралып жатканы жана менин бул ишти бир жагдайда чечүүгө кызыкдар экеним тууралуу маалыматтар активдүү талкууланып жатат. Мамлекеттик комитет бир нече ирээт МК кызматындагы адамдардын жеке өздөрүнүн байышы үчүн аталган материалдарды мыйзамсыз пайдаланышкандыгы жөнүндө жетишээрлик далилдүү база бар экендигин тууралуу жарыя кылган. Ошону менен бирге аталган тема коомчулукта өтө кызыгуу жаратты. Бул жагдайды, анын ичинде бирдей эмес коомчулук резонансты эске алуу менен, ошондой эле менин тергөө ишинин жүрүшүнө катыштыгым тууралуу божомолду жокко чыгаруу үчүн мен кызматтан кетейин деп чечтим да Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы – президентке рапорт бердим”.
Кыргызстандагы бир дагы коррупцияга каршы тергөө иши мындай жаалдуу каршылыкка тушуккан эмес. Коррупцияга каршы күнөөлөнгөндөр: МКМ төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев, МКМ статс-катчы Данияр Бакчиев жана “Инфоком” мамишканасынын директору Талант Абдуллаевдер эле. Үчөө тең камалып, бирок Сарыбаев менен Абдуллаевдер тергөө амалдарына жардам беришкендиги үчүн үй камагына бошотулган. Чиновниктердин коррупциялык иш аракеттеринен болгон зыян 253 миллион 370 миң сомду түзгөн. Тергөө ишинин көңүл борбору жаңы муундагы заманбап биометрикалык паспортторду даярдоого болгон тендер. Жеңүүчү деп МКМ өз иштерин атаандаштарына караганда бир топ кымбатка баалаган, арты чуулгандуу литвалык компанияны аташкан. Тилекке каршы, алардын биометрикалык паспортторду даярдоо боюнча таптакыр тажрыйбасы жок болуп чыкканы кызык. Андан ды кызыгы, бизде көрүнгөн жерге мурундарын тыгышкан жергиликтүү бейөкмөт уюмдары, укук коргоочулар менен батышчыл активисттердин өлкө боюнча коррупция менен башкы күрөшүүчүлөргө айланганы аз келгенсип алардын жогорудагы чинониктер менен тилектеш болгондугу таң калтырат. Мындай тилектештиктин себеби чыр чатактын курчушу менен айкындалууда. УКМК башчысы Кадыркуловдун кызматтан кетиши, апрелдин орто ченинде паспорт чатагы менен кызматынан кол жууган МКК мурунку жетекчиси Алина Шаикованын “агынан жарылышы” окуянын чоо жайынын четинен түшүнүктүү боло башташына жол ачты. Кептин ачыгы, бул айым да кылмыш ишинде негизги кейипкерлердин бири, анткени чиновниктер менен акча бөлүшкөнүн айтып чыгышкан эле. Айласы түгөнгөн Шаикова акыры колтугуна басып, сары майдай сактап жүргөн “көзүрүн” чери жазылганча айтып алууга жетишти. МКК чиновниктеринин чекисттер тарабынан аңдуусун бул айым УКМК төрагасы И.Кадыркуловдун жеке таарынычы деп журналисттерге балп этти. Шаикованын шалпыганына караганда өткөн жылдын декабрында башкы чекист Кадыркулов аны менен мурунку МКК төрагасы, бүгүнкү мамлекет башчысынын коомдук башталыштагы кенешчиси Дастан Догоев экөөнү Фрунзе ресторанына жолугушууга чакырган. “Биз жолугушуунун максатын түшүнгөн жокбуз. Кадыркулов бизди документтердин бланктарын даярдоо боюнча европалык компаниянын эки бизнесмени менен тааныштырды. Кеп биометрикалык паспорттор жана мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө жүрдү” – дейт да, андан кийин “Биз бул компания менен эч кандай өз ара катышуунун варианттарын көрбөй жатканбызды билдирдик” -деп жылаандын башын кылтыйтат. Шаикованын “көзүрү” бейөкмөт уюмдары үчүн табылга болду. Алар Кадыркуловдун өзү башка компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн тура!” деп чуру-чуу түшүп жатып калышты. Ошону менен бирге Шаикова өзүнүн “агынан жарылуусунун” алгачкы сабында эле калп айткандай Швейцариянын “КБА НотаСис С.А.” компаниясы документтерге бланктарды даярдоо эмес, жабдууларды жасоо, башкача айтканда корголгон басма иштери-мамлекеттик маанидеги документтердин бланктарын, ачыгын айтканда тех паспорторду даярдайт. Мында кандай айырма бар? Ооба, бар. Бул айырмачылыкта көп нерселер катылып жатат…
Кыргызстанда мамлекеттик маанидеги документтерди басып чыгаруу идеясы көптөн бери айтылып келатат. 2012-жылы “Дело” гезитине “Бөтөн байкеге алтын казына” деген макаладан кийин бул маселени мамлекеттик деңгээлде ойлоно башташкан. Ошол макаладан бир нече кыскача үзүндү келтирели: “ Анча бай эмес кыргызстандыктар 20 жылдан бери бизсиз деле жан багып жаткан чет элдик компанияларды багып келатат.. Счет миллиардаган сомдун башын жутат.”… “Биздин өлкөдө 260 мамлекеттик маанидеги документтер бар.. Мамлекеттик документтерди берүү бизде жеке компаниялар үчүн ашыкча пайда табуунун жолу болуп калды”…” Жондотуп эсептегенде мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо үчүн биз жылына 2 миллиард 300 миллион сом коротот экенбиз. Кимге болсо төлөй беребиз, бирок мамлекетке пайдасы бир тыйынча да тийбейт. Эми ушуну 20 жылга көбөйтөлүчү… “ 180 мамлекеттин ичинен 120сы өзүлөрүн мамлекеттик маанидеги документтер менен камсыз кылат. Болгону 60 мамлекет гана өз ишин бөтөн “байкенин” колуна салып берет. Анын ичинде биз да барбыз.
Эми мурунку УКМК башчысы Кадыркуловдун тагдырына балта чапкан ресторандагы жолугушууга кайрылалы. Жумушунан кол жууган Шаикова каратып туруп калп айткан айым экенин дагы бир жолу далилдеди. Кадыркулов бизнесмендер менен тааныштырды дегени суу кечпейт. Анткени ал алар менен мурдатан эле тааныш. “КБА НотаСис” тин аймактык директору Михаил Полуянов бир нече жолу Шаиковада болгон. Бирок өткөн жылы декабрдын башында Шаикова менен жолугушууга мүмкүн болбогондуктан биз расмий эмес жолугушууну пландаштырганбыз. Көптөн бери фабрика куруу идеясын бышырып коррупциялык схемадан қутулууну ойлоп жүргөн Кадыркуловго кайрылдык. Ал жолугушууга жардам берди, бирок кызматынан айрылды. Шайикованын иши чачтан көп экен түшкү түштөнүүдө гана колу бошоп Догоев экөө биз менен 40 минут сүйлөшүүгө жетишти. Биз Полуянов экөөбүз жакшы басылган жана корголгон документтерди даярдоочу жабдууларды чыгарабыз, Кыргызстанга фабрика керек. Мамкаттоо кызматы бул долбоор менен алектенсе болоор эле деген сөзүбүздү айттык. Шаикова менен Догоев экөө тең биздин компания жөнүндө жакшы билишет. Алар 2014-жылы биздин бет ачарга катышкан. Бирок Шаикова басма сөздө мунун баарын баш аягы кылып төңкөрүп таштаптыр. Паспортторду даярдоо боюнча кеп да болгон эмес. Анткени биз жабдууларды гана чыгарабыз. Шаикова МКК эч кандай жабдууларга кызыкпайт, паспорттордун бланкын даярдоо боюнча тендер өтүп жатат десе, Догоев Кыргызстанка бланктардын таптакыр кереги жок, анткени жакында баары электрондук түргө өтөт деп деди. Ошентип салкын коштоштук,” – дейт Т.Маганбетов. Ырас, күндө чөнтөгүнө акча түшкөн чиновниктерди түшүнсө болот. Ал эми бейөкмөт уюмдары, укук коргоочулар менен батышчыл активисттерге мамбасмакана куруу эмнеге жакпайт? Жыйынтыгы айдан ачык. Аларга Кыргызстандын эгемендүүлүгүн сактай турган жана күчөтө турган нерселердин баары жат. Аларды иш аракети эгемендүүлүктүн түбүнө жетүү…
Булак: «Факты.kg»