www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-мартта ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө КРнын 1995-жылы туулган Давлатбек уулу Ильяз аттуу жараны кармалды. Ал өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери катары көрсөтүп, жасалма күбөлүктү көрсөткөн жана Бишкек ЖЭБинин кампасынан металл трубаларын чыгарып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Белгилей кетүүчү жагдай, Давлатбек уулу Ильяздан алынган жасалма күбөлүк да 20-февралда 1980-жылы туулган, өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, жарандардан акча талап кылып кармалган Нурбек Мураталиевдин күбөлүгүнө окшош болуп саналат ( серия номери, Ф, А. А. кызматы, жарактуу мөөнөтү, мөөрү, жетекчинин колу).
Өз кезегинде ал да УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери катары көрсөтүп, Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин Талас облусу боюнча Жол-эксплуатациялоо башкармалыгынын №3 аймактык бөлүмүнүн каржылык-чарбалык иштерин мыйзамсыз текшерүү аракетин көргөн.
Булак: NazarNews.kg