www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 13-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу анын жакындары «Азаттыкка» кабарлашты. Алардын айтымында, Сегизбаев учурда Бишкек шаарында.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Сегизбаевдин Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу камакка алынганын жазып чыгышкан эле. Бирок УКМКнын мурдагы төрагасынын жакындары бул маалыматты четке кагып, милиция кызматкерлери ИИМге чакыруу тапшыруу үчүн гана келгенин кабарлашты. Азырынча кайсы иш боюнча жана ким катары чакырылганы белгисиз.

Абдил Сегизбаев 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын «Альфа» ыкчам бөлүгү кармаганы барган учурдагы кагылышта жаракат алып, ооруканага жеткирилген эле.

Учурда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.

Ал эми Алмазбек Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча шектүү катары 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камакка алынды, деп Азаттык жазып чыкты.

Эске салсак, 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости