www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын түштүк-батышындагы Керала жана Карнатака провинцияларында нөшөрлөп жааган жамгырдан келип чыккан сел жана жер көчкүлөрдө 66 киши каза тапты.
Press Trust of India'nın (PTI) маалыматына караганда Керала провинциясынын башкаруучулары, Козхикоде, Малапуррам жана Вайанад провинцияларында нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон сел каптоолордо бейшемби күндөн бери 42 киши каза болгону жарыяланды.
Жооптуу кызматкерлер Вайанадда чай талаасында жер көчкү болуп анын астында калгандардан 7 киши куткарылганын, 15ин издөө иштери уланып жатканын билдирди.
Провинциянын жалпысында 125 миң киши селден жапа чеккендер үчүн ачылган 1111 жардам лагерине жайгаштырылды.
Бир тараптан Каранатака провинциясынын премьер-министри Бооканакере Сиддалингаппа Йедийураппа, провинциянын жалпысында селдерде 24 кишинин каза болгонун, 235 миң кишинин коопсуз аймактарга өткөрүлгөнүн жарыялады.
Өлкөнүн эң түштүгүндөгү Тамил Наду провинциясында да нөшөрлөп жааган жамгырлар сел жана жер көчкүлөргө себеп болсо, селде камалып калгандарды куткаруу үчүн аба күчтөрү ишке киришти.
Кералада өткөн жылы муссон сезонунда сел каптоолордон 223 киши каза болгон, деп trt.net.tr өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg