www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ачык саясат» гезитинин редактору Назгүл Мамытова жана күйөөсү Фархад Борукеев бүгүн УКМКга жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамытованын кесиптеши Нуркыз Бакасова билдирди. Анын айтымында, Мамытова менен күйөөсүн бүгүн эртең менен үйүнөн атайын кызматтын өкүлдөрү алып кетишкен.

Кийинчерээк Назгүл Мамытова «Фейсбукта» түз эфирге чыгып, Кой-Таштагы окуя боюнча жеткирилгенин билдирди. Анын айтымында, ал окуяларга күйөөсүнүн катышканы боюнча чакырылган. Мындан соң Мамытова жана Борукеев ИИМдин Тергөө кызматына кирип кетишти.

Ал эми УКМК жана ИИМ учурда бул боюнча эч кандай комментарий бербей жатышат, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Эске салсак, 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости