www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башынан жаракат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоо Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда улантылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда Москвадагы Бурденко борборунан келген дарыгерлердин катышуусу менен консилиум өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө полковник Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция жасоо кереги жок экени айтылган.

Ошондой эле бейтаптын дарылануусун мындан ары Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунда улантуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Учурда Самат Курманкуловдун абалы турукташып калды жана аны Москвага алып кетсе болот.

Жакын арада транспорт маселеси чечилип, полковник Орусиядагы ооруканага которулмакчы.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган. Мурдагы президентти кармоо боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобу жүргүзгөн операция оңунан чыкпаган соң Кой-Таш айылына милиция күчтөрү тартылган. Ошол жерге чогулган эл менен милиция ортосундагы кыска кагылыш учурунда Курманкуловдун башына таш тийген. Буга чейин эки жолу башына операция жасалган Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда, деп Азаттык жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости