www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулунун айтымында, 3 кылмыш иш тергелип жатканын айтты. "Ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Саймаитини өлтүрүүгө аракет болгон деген журналисттердин маалыматтарында көрсөтүлгөн кабар боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинки кылмыш иш Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызмат тарабынан кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу боюнча козголгон. Ошол ишти тергеп жатып, бул бюджетке салыкты төлөөдөн качуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Саймаити - Кытай жараны, ал 2011-жылы Кыргыз өлкөсүнө келип Кара-Суу базарында иш жүргүзгөн. Базарда иштеген бизнесмендердин акчасын которуу боюнча иш аткарып жүргөн. 2012-жылдан баштап ал киши дагы бир Кытай жараны Хабибула Абдукадыр  менен таанышып ошол кишинин жүк ташуучу фирмасы менен акчаны которуп чогуу иштеп калган. Тастыкталган маалымат боюнча, 2016-2017-жылдан баштап  Хабибула Абдукадыр менен Саймаитинин ортосунда акча боюнча карама-каршылыктар пайда болгон. 2017-жылдын май айында алар тарабынан өкүлдөр арасында сүйлөшүү жүрүп, ошол жерде Хабибула Абдукадырдын өкүлдөрү Саймаитиге 3 миллион доллардан ашык доо коюшат. Мунун негизинде тирешүү пайда болуп Саймитинин үстүнөн Хабибула Абдукадырдын өкүлдөрү ИИМ органдарына кайрылышат. Кылмыш иши козголуп, Бишкекке качып, андан кийин Казакстанга, андан ары Түркияга качып кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, Саймаити доо арыздарын коюп, акчаларын өндүрүү максатында журналисттерди жалдап, ошолор аркылуу басым көрсөткөн. "Азаттыкка" да кайрылып, маалыматтарды бере баштаган экен. Журналисттерге финансылык каражат берген деген көрсөтмөлөр болгон", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости